www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азияда президенттик түшүнүк тууралуу өзүнүн айырмачылыгы бар. Бул өзгөчөлүүлүктү алгач Атамбаев баштаган. Ал 2016-жылы 16-декабрда 2020-жылга чейин мыйзам боюнча оңдолбой турган Башмыйзамга референдум өткөзөт. Бул референдум боюнча президенттин көп ыйгарым укуктары өкмөт башчысына өтөт. Башмыйзамда көп өзгөртүүлөр кирет, алардын бири Премьер-министр парламенттеги фракция жетекчиси менен биргеликте кызмат орундарын дайындоого укук алат. Бул өзгөртүүлөр менен Атамбаев президент менен премьер-министрдин укуктарын теңдейт. Анткени, 2017-жылы президенттик шайлоо өтмөк, ал мыйзам боюнча экинчи мөөнөткө бара алмак эмес, ошондуктан президент менен өкмөт башчысынын укуктарын теңдеп, мыйзамда жок “супер президент” катары бийликтен ажырагысы келбегендир?
2019-жылы 19-мартта саат 19-да Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын токтотуп, ордуна мыйзам боюнча парламент спикери Касым-Жомарт Токаев келди. Назарбаев Коопсуздук Кеңешинде калып, бул аркылуу бир топ ыйгарым укуктарды сактап кала алды. 9-майда Москвада болгон Жеңиш парадына Нурсултан Назарбаев катышып, Владимир Путин менен жолугушту. Бул парадка Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев неге чакырылган жок деген суроо туулат. Бул маселеге саресеп салып көрсөк.
СССР тарап эгемендүүлүк алган соң алгачкылардан болуп демократия жолуна түшкөнү менен Кыргызстан менен Казакстандын экономикасы эки нукка түштү. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев мамлекетти реформалоо шылтоосу менен, ансыз деле мукурап турган экономиканы сазга батырды. Мындай оор жагдай элдин нааразычылыгын туудуруп, эл көтөрүлүп бийлик алмашты. Бийлик алмашуу “оюндары” Кыргызстанда күч алып, Атамбаев төртүнчү президент болуп келген соң, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүнүн ордуна, саясий интригаларга басым жасаганы калктын жашоо-турмушунун деңгээлинин төмөндөшүнө алып келген.
Назарбаев 1989-жылы Казакстан компартиясынын жетекчиси болуп, 1990-жылдан президент. Казакстандын мунайзаты жана башка экономикалык жана саясий саясаты, анын дүйнөдөгү өнүккөн отуз мамлекеттин катарына кирүүгө далалаты Назарбаевдин кадырын бир сөөм өйдө көтөргөн. Албетте, Назарбаев өмүрү өткүчө президент болсо да, Ак Ордодо отура бермек. Балким, ал менен бирге жетекчиликке келген Ислам Каримовдун көзү өткөнү аны түйшөлдүргөндүр. Экинчиден, бийликти өмүр бою басып албай, Казакстандын келечеги үчүн иштей турган адамдарга кезек бергендир.
Башкысы, Борбор Азияда бийлик алмаштыруунун өзгөчө жаңы ыкмалары пайда болду. Назарбаевдин президенттиктен кетиши менен мурунку доордон бери эң көп иштеген жагынан “сакалдуу” Эмомали Рахмонго өттү. Башка аймактарга салыштырмалуу Борбор Азияда жаңы президенттер, булардан жаңы кадамдарды күтүүгө болот.
Булак: NazarNews.kg