www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Айыл-Чарба министрлигине 28 жаштагы жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдобогон себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу ал, бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Премьер-министр белгилегендей, кадр тандоодо жаштыкка эле маани берип туруп алган туура эмес. “Тилек Токтогазиев – жаңы көз караштагы жаш ишкер. Күнөскана жаатында иштейт. Бирок, жаштык менен билимден тышкары тажрыйба да болушу керек”, - деп билдирди Абылгазиев.

М.Абылгазиев, Айыл-чарба министри кызматына аталган министрликте орун басарлык кызматты аркалап келе жаткан 55 жаштагы Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин көрсөттү.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости