www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


«Бажабаатырдын» кылыгы менен абийири айрандай төгүлгөн өкмөт бүкүлү бойдон отставкага кетпестен, айрым министрлерли садага чабуу менен жоопкерчиликтен кутулуп кеткенге аракет жасаганы коомчулукту бушайман кылууда. Булар эмне иштегенге моралдык акысы калбаса дагы бетин тултуйтуп отура береби дегендер чекеден чыгып жаткан маалы. Элдин чыдамы чегинен ашып кетсе чатак болорун эки жолу көргөнбүз. Демек, бир адамды эркелетүүнүн аягы кейиштүү бүтөрүн эске түйүп, тез арада жыйынтык чыгаруу зарыл. Анткени, өкмөт жетекчисинин былыктары өтө тереңдеп кетти.

Бир тууган балдызы, Иманкадыр Рысалиевдин жубайы Таалайгүл Сабырбекова жетектеген «Эргене» фондуна 300 миң сом бөлдүргөнү дагы үй-бүлөлүк жемкорлуктун жеткен чегин көрсөттү. Мындай чоң суммадагы жардам бейөкмөт уюмга буга чейин берилген эмес экен, бул бир. Экинчиси, күйөбаланын доорунда тайраңдаган Таалайгүл Сабырбекованын фондуна акча бөлүнбөгөндө кимдин фондуна акча бөлүнмөк эле? 

Булак: "Мантыш"

Последние новости