www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


8-9-августта Бишкек шаарында болгон баш аламан учурунда банктын имаратынын айнегин талкалаган кыз изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-августка караган түнү 20-25 чамасындагы кыз борбордогу баш аламандык учурда, "Оптима Банктын" филиалынын эшигинин айнегин таш менен талкалаган. Банктын өкүлдөрү милицияга арыз жазып, учурда ал кызды милиция кызматкерлери издөөдө.

Милиция кылмышка шектелген кыз тууралуу маалымат билгендерди төмөндөгү байланыш телефонуна чалып коюну суранат:

0312 56-32-48, 0 507 21-03-94.

Ошондой эле, ошол күндөрү орун алган башаламандыкта бейбаштык кылгандардын бири кармалды. Ал патрулдук милициянын унаасынын алдыңкы айнегин таш менен уруп талкалап салган. Материалдык чыгым 12 миң сомду түзгөн. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 25 жаштагы Н.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмышка шектелип кармалган жаран келтирилген чыгымды төлөп берген. Учурда Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости