www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Октябрь айында бийлик парламентке катыша турган негизги партиясын алып чыга турганы, учурда ага даярдык кызуу жүрүп атканы кабарланды. Азырынча көп сырларды ачыкка чыгарбоого аракет жасашканы байкалат. Партияга ким лидер болот, катарына кимдер тизилет?

Бул өңүттө таккесе бүтүм чыга электиги, тизме дагы кыйла өзгөрөрү айкын. Биздин баамыбызда, бийлик партиясына мурда чыр-чатактарга аралашпаган жаңы фигураны алып чыгышы мүмкүн. О.э. түндүк - түштүк балансына да тыкыр көңүл бурулуп атыптыр.

Сыягы, лидерди түндүктөн шайлашары мыйзам ченемдүүлүк катары каралса керек. Мындан сырткары, дагы бийликчил эки «клон-партия» болушу да божомолдонууда. Алар дагы күжүлдөшүп, күн алыс чогула калып акылдашып жатышканынан кабардарбыз. Буюрса жакында картаны ачабыз, - дейт "АЗИЯnews" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости