www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгач Өмүрбек Бабанов бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атып, бирок кокусунан эле Кой-Таштагы Атамбаевдин тарапташтары менен спецназдын кагылышуусунан кийин Кыргызстанга кайтууну чечип, шашылыш учуп келип алганын көрдүк да. Бул жерде кандай амалдар болушу мүмкүн?

Кой-Таштага 7-августтагы кандуу кагылышуудан соң Россиянын атайын кызматы кырдаалга баа берип, эгерде чатак ырбай берсе Бабановдун амбициясын, электоратын, бай ресурстарын пайдалануу менен тынчытууга барышары пландалды беле?  Бийликти укпай БӨТтүн келип алышы ушул жагынан шек жаратат, «Мен курчуп турган кырдаалды токтотуу үчүн келдим» дегени да жөн жерден эмес го?

Неси болсо да, Бабанов шашып кетти. Ойлосо керек, Атамбаев оңой менен колго түшпөй, кан төгүлүү дагы коштолсо, элдик бийликти орнотуунун башында өзү турарын кыялданып. Аныгында, элдин талабына ылайык туруктуулук камсыздалды. Эми «Республика» лидеринин тагдыры кантет? Ага карата төрт кылмыш иши козголду (дагы кошула турганы айтылууда), байма-бай сурактарга барып атат. Мындай шартта бийлик төбөлдөрү байкоо салып турганы, акыры Бабановду камакка алышары каңкууланды. «Жоо аяган жаралуу» деген байыркы принципте кетип атышат окшойт. Эгерде ал камалса, Россия, Казакстандагы достору да жардам бере албаса керек, деп "АЗИЯnews" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости