www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2 234кө, вирус жугузган кишинин саны 29 406га жогорулаган Иранда шаарлар аралык саякатка тыюу салынды. Бул тууралуу маалыматты трт.нет жазып чыкты.
Азербайжанда коронавирус диагнозу менен дарыланып жаткан бир бейтап каза болду. Алты кишиде дагы вирустун аныкталышы менен өлкөдө дарыланып жаткан киши саны 81ге жетти. Израилде вирус жугузган жалпы киши саны 2 369га жогорулады. Премьер - министри Бинь ямин Нетаньяху өлкөдө саламаттык сактоо ситемасынын кыйрап жаткандыгын айтып тынчсызданды. Ошондой эле Нетаьняху, Израиль калкынын өзүнө-өзү дициплиналуу болушун айтып, сак болбосо бир апааттын болушу мүмкүн экендигин ачык эскертти.
Батыш Шериада 60 жаштагы бир кишинин каза болушу менен Палестинада коронавирустан биринчи жолу бир киши каза болду. Батыш Шериа жана Газа тилкесинде Ковид – 19 диагнозу коюлган кишинин саны 86га жогорулап, булардан 17 киши аталган оорудан сакайып кеткен. Россиянын президенти В. Путин Ковид - 19 вирусунан улам 22 - апрелдеги Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун кечеңдетилери, өзгөчө келерки жумада жарандардын административдик эс алуу болуп саналарын жарыялады. Өлкөдө түнкү клуб, кино - театр жана көңүл ачуу борборлору толугу менен жабылды. Украинада вирустан каза болгондордун саны 5ке, ооруну жугузган кишинин саны 145ке жеткен. Ал эми Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков вирус жугузган 44 киши аныкталгандыгын расмий билдирип, Эл аралык Акча Фондунан (ИМФтен) финансылык жардам сурады.
Сауд Арабияда вирус менен күрөшүүнүн негизинде Рияда, Мекке жана Мадина шаарларына кирип - чыгууларга жабуу чечими чыгарылды. Тунисте коронавирустан каза болгондордун саны 5ке жогорулап, Египетте вирус жугузган киши саны 456, Иракта 358ге, Ливанда 333кө жогорулады.
Индиянын Жамму Кашмир аймагында да коронавирустан биринчи жолу бир киши каза тапты. Аймакта Ковид - 19 жуккан киши саны 11ге жогорулады. Жалпы Индияда каза болгондордун саны 9, вирус жугузган киши саны 470ке жетти. Ковид - 19дан 5 киши каза болгон жана 39 бейтап чыккан Бангладеште премьер - министр Шейх Хасина эпидемиянын жайылышына тоскоол болуу үчүн баарынан үйлөрүндө отурууларын суранды.
Эпидемиядан улам каза болгондордун саны 45ке жогорулаган Филиппинде аныкталган бейтап саны 707ге жогорулап, бул кишилерге бир сентор да кошулду. Ушул кезге чейин Непалда 3 киши вирус жугузуп, көпчүлүгү Европа, Австралия жана Жаңы Зеландиядан болгон 160ка жакын туристтин тоолуу аймактарда калгандыгы билдирилди.
Япония Ковид - 19 вирусу менен күрөшүүнүн негизинде азыркы учурда өзгөчө кырдаал жарыялоону пландабагандыгын жарыялады. Японияда «Diamond Princess» жүргүнчү кемесиндеги кишилер менен бирге 2 миң 25 киши бар. Өлкөдө 55 киши вирустан каза болду.
Түштүк Кореяда вирустан 131 киши каза болсо, 104 кишиде да вирус аныкталып, жалпы вирус жугузган киши саны 9 241ге жогорулады. Конго демократиялык республикасында президент Феликс Тшисекеддин кеңешчилеринен Жан-Джозеф Мукенди ва Мулумбанын коронавирустан каза болгондугу билдирилди. Африка өлкөсү Буркина Фасодо вирус жугузган киши саны 146га жетип, булардан 10 киши айыкты. Угандада болсо 14 кишинин вирус жугузгандыгы аныкталып алардын ичинде 8 айлык бөбөктүн да бар экендиги билдирилди. Өлкөдө коомдук транспортко 14 күндүк убакыт менен тыюу салынды.
Малиде ушул кезге чейин өлкө тышынан келген 2 кишиде вирус аныкталып, бүгүндөн баштап көчөгө чыгууга тыюу салынды. Кургактык чек аралары жүргүнчү кемелерине жабылган өлкөдө эпидемия коркунучуна карабастан жекшемби күнү боло турган шайлоонун керектүү чаралар көрүлүү менен өткөрүлөрү жарыяланды. Камерунда болсо вирус жугузган киши саны 75ке жетти. Ошентип коронавирус дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салып, жалпы адамзаттын үшүн алдырды.
Булак: NazarNews.kg