www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусия менен Украинанын Түркиядагы сүйлөшүүсү сезилээрлик жыйынтык бербейт, орус тарап атайын операцияны - бандерачылар менен улутчулдарды жок кылууну көздөп баштаган, ал ишти аяктоо керек деп эсептейт.

«Мен Түркияда болуп жаткан сүйлөшүү жөнүндө ойлоп жатам. Бул сүйлөшүүнүн эч кандай пайдасы жок деп ойлойм. Мен - баштаган ишибизди толугу менен бүтүрүшүбүз керек деп эсептейм: бандерачыларды, нациктерди, шайтандарды жок кылыш керек. Ошондон кийин гана чечим кабыл алынышы керек. Мындан ары эмне кылуу керектиги тууралуу маалымат берилет», - деди ал.

Шейшемби күнү Ыстамбулда Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн жаңы айлампасы башталды, жолугушуу Долмабахче сарайында басма сөз үчүн жабык тартипте өтүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн мурунку раунддарындай эле, орус делегациясын РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости