www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украинанын делегацияларынын Ыстамбулдагы жолугушуусу сүйлөшүү процессине пайда алып келээрин Түркия күтүүдө жана эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин да көзмө-көз жолугушуусун уюштурууга даяр. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн Долмабахчедеги жумуш кеңсесинде сүйлөшүүгө катышкандарга кайрылып билдирди.

«Түркияга жана биздин Ыстамбулга кош келиңиздер. Биз сиздерди ушундай оор учурда кабыл алганыбызга кубанычтабыз, силер өз өлкөлөрүңүздүн атынан чоң аракет жасап жатасыздар. Украинадагы жаңжал бизди дос жана кошуна мамлекет катары абдан капа кылууда.

Каатчылык башталгандан бери биз бардык деңгээлде чын ыкластан аракет кылып, достуктун, жакшы коңшулаштыктын, мыйзамдардын талаптарын аткарууга аракет кылдык. Биз бардык платформаларда эки тараптын тең укуктарын коргогон жана урматтаган адилеттүү мамилени көрсөттүк», - деди түрк лидери.

Орусия менен Украинанын биринчи сүйлөшүүсү Беларустун Гомель облусунда 28-февралда болгон. Андан кийин 3 жана 7-мартта уланган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости