www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


“Кумтөр” менен түзүлгөн келишим күчүнө кирди. Ошол эле учурда эки тараптын ортосундагы соттук териштирүүлөр токтотулганын жакында эле кыргыз өкмөтү жарыялады. Бул учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев, буга чейинки өкмөт башчы Сапар Исаковдун колу коюлган мурдагы келишимди “өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт” деген жүйөө менен четке каккандан кийинки жаңы келишим. Эми ага ылайык, “Центерра” кыргыз тарапка 150 миллион доллар төлөөрү айтылууда. Ал эми Исаковдун колу коюлган стратегиялык келишимге ылайык, “Центерра” баш аягы 87 миллион доллар төлөмөк болгон.

Мындай жеңиштин артында бүдөмүк маселе бар экенин адистер каңкуулай башташты. Мисалга, кыргыз өкмөтү канадалыктарга Кумтөрдүн айланасындагы башка жерлерди берип коюшу мүмкүн дегендер бар.

Кумтөрдүн күңгөй-тескейин, анын коен жатагына чейин жакшы билген коомдук ишмер Кубанычбек Исабековго кайрылып, суроолорубузга жооп алдык:

- Кубанычбек агай, жаңы келишимге ылайык “Кумтөргө” корук жерлер берилиши мүмкүн деген имиштер айтылып жатат. Чын эле ошондой алмашуу процесси жүрүшү мүмкүнбү?

- Эгер Данияр Үсөнов 2010-жылы апрель айында кол койгон жер болсо, анда корукка кирген жерлер кирди. Ал жерлерде чанда кездешчү жаныбарлар эле эмес, чанда кездешчү өсүмдүктөр дагы бар. Мындан сырткары ошол 16 миң 334 гектар жердин ичинен Кумтөр 10 миң 70 эле гектар жерин иштетет. Бул баягы, Акаевдин убагында 91-92-жылдары берилген жерлер боюнча.

- Ошондо, калган 6 миңден ашык жер кайда кетет?

- Жети-Өгүз районуна карашту Ырдык, Липенка, Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн жерлери дагы бар. Бул жерлерди кийин алар кайра иштете башташкан. Эч кандай конкурсу, тендери жок берилип кеткен.

- Түшүнүктүү, ошол кезде жергиликтүү калк маселени байкабай калыштыбы? Же болбосо учурунда каршы болушту беле?

- Убагында мен ушул маселе боюнча соттошком. Атамбаев ал кезде премьер болуп турган, мен ал кишиге жаздым, “Мыйзамсыз, тендери жок берилип кеткен жерлерди алгыла. Анда, айыл өкмөтүнүн жерлери, өзгөчө корукка кирген жерлер бар” – десем ал мага жооп бербей койгон.

- Анан ошону менен токтоп калдыбы иш?

- Бишкектеги район аралык экономикалык сотко бергем. Судья Карагулова ишти карап, мени доогер катары каттап, өкмөттү, “Центерраны” жана Тоо кен мамлекеттик агенттигин жоопко тарта баштаган. Ошондо өкмөт башчы Бабанов эле, ал жоопкер болуп калган. А мен болсо жети-өгүздүк, кыргыз элинин тургуну катары арыз жазып доогер болгом. Анан мен үч отурумунда уткамын. Бирок, ага карабай өкмөт, баары биригип алышып, канадалыктардын кызыкчылыгын коргой баштаган.

- Демек, ошол бойдон эле ал жерлер “Кумтөрдүн” карамагында эле калып келди беле?

- Жогорку Кеңештин депутаттарына тараткамын материалдарын. Депутаттар бир нече жолу сессияда, комитет отурумдарында көтөрүшкөн бул маселени. Анан депутаттар өкмөттү кысымга ала баштаганда, Бабанов “бул токтомду жокко чыгарам” – деп туруп, бир жуманын ичинде ошол Данияр Үсөнов чыгарган токтомду жокко чыгарып, ал жерлер мамлекетке берилген. Ал жерди өздөштүрүп ийишкен, жол сала баштаган, каза баштаган, дагы бир топ инфраструктураларды курууну баштап коюшкан. Ал үчүн биздин мамлекетке эч нерсе төлөшкөн эмес.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости