www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкекте өткөрүлгөн бир күндүк рейд учурунда 430 автоунаа токтотулуп, анын ичинен 68 айдоочунун унаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталган. Аларга карата тийиштүү актылар түзүлүп, 43 жаран салыкты ошол жерден төлөсө, 31не салык төлөгөндүгү тууралуу атайын чаптама берилди.
Салык кызматы рейддик иш-чаралар жүрүп жаткандыгана байланыштуу, транспорт каражаттарынын ээлеринен авто унаа айдоо укугуна карата күбөлүк менен техпаспортунан тышкары салыктын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны да ала жүрүүсүн суранат.
Мындан тышкары, транспорт салыгын төлөгөн жарандарга салыктын төлөнгөнү тууралуу атайын чаптама акысыз түрдө берилип жатат. Атайын чаптамаларды автоунаанын маңдайына чаптап коюу менен айдоочулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ашыкча токтотуусунан арылат.
2-сентябрда транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктаганына карабастан, учурда транспорт салыгын жыйноо уланууда.
Бирок, буга чейин Салык кызматы бир нече жолу эскерткендей, мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты жана ар бир күнгө туумду кошуп төлөйт.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости