www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Багам аралдарында катталган бул күчтүү шамалдан улам каза болгондордун саны 20 адамга жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазып жатышат.

Эске салсак, кечээ АКШнын Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Бороондун айынан баарынан көп Багам аралдарынын Барбадос, Сент-Люсия, Сент-Томас, Абако жана Чоң Багам аралдары жабыр тарткан. Ылдамдыгы саатына 300 километрге чейин жеткен бороондон 7 киши каза болуп, 13 миңдей үй талкаланганы кабарланган. Шаарлар менен айылдар суу астында калып, жолдор талкаланган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Атлантика океанындагы «Дориан» бороону V категориядан III категорияга түшкөн. АКШнын бороонду көзөмөлдөө борбору «Дориандын» күчү басаңдап жатканын, бирок алдыдагы эки күндө кескин көтөрүлүүсү жана Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарынын жээктерине жакын өтөрүн билдирди. Ал жакта миңдеген адамдар коопсуз делген жактарга көчүрүлүүдө.

"Дориан" келтирген зыяндын көлөмү 40 миллиард долларга жетиши мүмкүн деп эсептелүүдө. Ал эми АКШнын тарыхындагы эң чоң кыйроо алып келген куюн 2005-жылдагы "Катрина" болгон. Анын кесепетинен 108 миллиард доллар зыян тартуу эсептелген.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости