www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2017-жылы президенттик шайлоого талапкерлердин бири Улукбек Кочкоров болгон. Анын программасы менен таанышкандар өз баасын беришип, бул бала кичине такшала элек экен, бирок келечекте элди туңгуюктан алып чыгып кете турган муун келатыптыр деп ойлоп калган. Жээнбеков президент болгон соң аны атаандашым деп жектебей Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган соң кызматташа баштады. Улукбек Кочкоров деле чамынып иштеп жаткандай, 7 айдын ичинде социалдык жөлөк пулдарга 4 млрд. 366 млн. сом төлөдү. 2 015,5 млн. сом ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучуларга, 1982,6 млн. сом «үй-бүлөгө көмөк» алуучуларга жана «балага сүйүнчү» бир жолу берилүүчү төлөмгө 368,0 млн. сом республикалык бюджеттен жумшалган.
Жалпысынан республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун орточо өлчөмү 855,8 сомду түздү. Ал эми социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү 3007,9 сомду түздү. Министрликтин маалыматына ылайык, 1-августуна чейин мамлекеттик жөлөк пулдарды алуучулардын саны 495,5 миң адам болсо, 16 жашка чейинки балдары бар жакыр үй-бүлөлөр - «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулдарды алуучулардын саны 311,2 миң адамды түздү. Ошондой эле пенсияга укугу жок социалдык жөлөкпулдарды алуучулар 92,7 мин жаран жана 91,6 миң жаран «балага сүйүнчү» төлөмдү алышкан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»