www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы урматтуу Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшөкеевичке КАЙРЫЛУУ КАТ, деп өз пикирин социалдык тармак аркылуу Надира Нарматова жолдоду.

УРМАТТУУ МУХАММЕДКАЛЫЙ ДҮЙШӨКЕЕВИЧ!

Мен, төмөндө Баткен облусунда жайгашкан чек ара кызмат бөлүгүнүн чек ара кызматкери Муминов Равшанбектин кызмат үстүндө каза болуп, артында калган үй бүлөсүнүн бүгүнкү күндөгү оор абалы жөнүндө сизге кайрылууну туура көрдүм.

Баткендеги окуя, чек арачынын өлүмү, үй бүлөсү жана Р.Муминов жөнүндө маалыматты толук билесиз. Кайталап олтуруунун зарылчылыгы жок деп эсептеймин.

Р.Муминов мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу үчүн баатырларча, эр жүрөктүк кылып, кызмат үстүндө өз милдетин аткаруу учурунда каза болду. Артында балдары жетим, аялы жесир калды. Үй бүлөнү багуучусу өлүп, жок болду. Мындай акыбалды эч кимге башына салбасын.

Бул окуяны көпкө узатпай Өкмөт тарабынан чечкиндүү кадамдар менен бул үй бүлөнүн социалдык муктаждыгын чечип, жетим балдар менен жесир аялдын жана Муминовдун ата энесинин күйүтүн бир аз болсо да басаңдатып коюшуңар керек эле.

Жетимге жем таштагандай, майда-чүйдө жардам менен адам өмүрүн салыштырууга болбойт. Өлбөй жүрсө өлбөстүн жашоосун улап, өз үй бүлөсүнүн арабасын тартып, көптүн катарында сиздерден жардам сурабай жашап жүрө бермек.

Тилекке каршы, кырчындай жаш өмүр кыйылып, адам өлүп, балдар жетим, аялы жесир, ата-эне “балам, ботом” деп, эки колдору чокусунда нан таап турган баласынан ажырашып, өмүр бою боздоп калды.

Бул армандын орду толгус.

Ошондуктан жок дегенде күйүткө бозоруп калган үй бүлөгө, моралдык жана материалдык, социалдык жактан колдоп, руханый азык тартуулаш, Мамлекетке, Өкмөткө кыйындыкка турбайт. Мындай үй бүлөнүн материалдык, моралдык жоопкерчилигин алуу Өкмөттүн, бүтүндөй аткаруу бийлигинин түздөн түз мыйзамдуу милдети.

Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшөкеевич!

Сиз өзүңүз эстүү жансыз. Жоготууну болбогон социалдык колдоо менен ордун толтурууга мүмкүн эмес. Өлүм деген өлүм. Өлүм бар жерге кайдыгер мамиле жасоо, кечирилгис иш. Мындай кырдаалда аткаруу бийлиги болуп көрбөгөндөй кынтыксыз ыкчам аракеттерди көрүүсү керек эле.

Өкүнүчтүүсү, төмөнкү видеодо белгиленгендей ачуу чындык чыркырап, убакыт өтсө да өз жообун Өкмөттөн канааттандырарлык албай жаткандыгы, аттиң деген сөздү айтууга, мынтип атайын расмий түрдө коомчулукту кайрылууга мажбур кылат. Ачууну жоготуудагы күйүттү, сабырдуулук, мамиле, колдоо кичине болсо да алаксытат.

Ошондуктан, мамлекет тарабынан колдоого алып, Р.Муминовдун артында калган үй бүлөсүн бозортуп, ар кимдин эшигинде сагалатып, “квартирант” кылбастан балдарын бозортпой, жеке менчик үй менен камсыз кылыңыздар! Башка чек ара жана аскер кызматкерлерине үлгү болсун! Чек арачылар мамлекеттин чек арасын коргоодо өзүнө жана анын артында турган үй бүлөсүнө МАМЛЕКЕТТИК КЕПИЛДИК болушуна көзү жетип, (патриоттук ) мекенчилдик сезим менен өз кызматын аткарганга бел байлап, жоопкерчилик менен өз милдетин аткарсын.

Ар кандай кырдаалда тайманбай, кылчактабай мекен үчүн тик турууга даяр болсун.

Эгерде Р.Муминовдун үй бүлөсүндөй акыбалда кала турган болсо, чек ара кызматкерлери, “Мамлекет тарабынан өзүм же үй бүлөмдүн кепилдиги болбосо, өз жанын тобокелге салып, чек араны коргоодо, өлүмгө тике караганга болобу?” деген суроого, ар бир чек арачы  жооп издеп калышы ыктымал.

Ошондуктан Равшанбек Муминовдун үй бүлөсүнүн учурдагы тагдырына кайдыгер мамиле жасабастан ыкчам аракеттерди көрүңүз.

Мамлекет үчүн өтө эле оордук жаратпайт. Болгону сиз тараптан КОЛДОО, КУБАТТОО, ЧЕЧКИНДҮҮ КАДАМ, ЖОГОРКУ ТАЛАП, ЖООПКЕРЧИЛИК ЖЕТПЕЙ ТУРГАНДАЙ.

Мен ойлойм бул багытта тез арада жыйынтык чыгарып, Муминовдун үй бүлөсүн үй менен камсыз кылып коомчулука билдирүү бересиз.

Чек арачы Р.Муминовдун руху өкмөткө ыраазы болсун, жаткан жери жайлуу болуп, тынч жатсын, үй бүлөсү өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, моралдык-материалдык жактан ого бетер азап чекпесин, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн өмүрү кыйылган Муминовдун тагдыры башка чек арачы, аскер кызматкерлерине "ЖАКШЫ ЖАГЫНАН ҮЛГҮ БОЛСУН" - деп ойлосоңуз менин кайрылуума КАЙДЫГЕР МАМИЛЕ ЖАСАБАҢЫЗ.

СИЗДИ ТЕРЕҢ УРМАТТОО МЕНЕН, ЖКтин V-чакырылышынын депутаты, вице-спикери, коомдук-саясый ишмер катары социалдык сайт ФЕЙСБУК аркылуу сизге түз кайрылууну туура көрдүм.

Фейсбуктун катышуучуларын жана коомчулукту менин кайрылуумду колдоого чакырамын, - деп Кайрылуу катын жолдогон өкмөт башчыга Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости