www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрозия жатын моюнчасынын былжырынын жаракатка кабылуусу. Тагыраак айтканда, жатын моюнчасынын жарасы. Жара ачык кызыл түстө жана тоголок формада болуп, диаметри 2 миллиметрден 2 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн. Оору көбүнчө билинбей өтөт. Болгону, кээде жыныстык катнаш учурунда оорутууну жаратып, азыраак канашы мүмкүн.

Жара пайда болгондон кийинки 2 апта ичинде дарылап жок кылуу керектелет. Эгер аял дарыланбаса же чала дарыланып, жара толук жок болбосо, анда эрозия псевдоэрозияга айланат. Аял андан кийин да таптактыр дарыланбаса, анда оору ракка өсүп кетет.

Жаранын келип чыгуусун бир топ себептер шарттайт:

• Жыныстык  инфекциялар   (жука чурайдын учугу, сөөл сымал папилломанын вирусу, хламидия, уреаплазмаж.б.);

• Жыныстык инфекцияларды убагында дарылабоо же туура эмес дарылоо;

• Жатын  моюнчасынын  жаракатка кабылуусу (аборт же туура эмес төрөтүү);

• Дамамат суюктуктун бөлүнүп чыгуусу (суюктук жыныстык жактан оору жугуп, сезгенүү келип чыкканда бөлүнүп чыга баштайт);

• Иммунитеттин төмөндөшү ж.б.

Дарылоодо бир нече ыкма болсо да, негизинен 2 ыкма колдонулат. Лазердик хирургия. Бул ыкма жатын моюнчасынын эрозиясын дарылоодон тышкары, кондиломаны (сөөл түрү), лейкоплакияны (жыныс кынынын былжырынын сезгениши) жана башкаларды до колдонулат.

Операциядан кийин жаранын орду 1-2 ай ичинде толук бүтөт. Бул оорунун оор же жеңил экендигине байланыштуу.

Криодеструкция. Суюк азотту колдонуу менен жүргүзүлөт. Жаранын орду толугу менен 2 ай ичинде бүтөт.

ЭСКЕРТҮҮ

Аялдар ар бир 6 ай сайын гинекологго текшерилип турушу зарыл. Ошондо аялда  гинекологиялык жана жыныстык жактан жугуучу оорулардын бар же жок экендиги (анын ичинде жатын моюнчасынын эрозиясы) так билинет. Эгер оору бар болсо, убагында каксыз айыктырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

КАЙСЫ ООРУДА ЭМНЕНИН ДАНЫ КОЛДОНУЛАТ?

Кайсы орган ооруса ошол органдын формасына окшош даңды, урукту тандап колдонуу кажет.

• Көздүк, баштын жана эмчектин оорусунда тоголок дан жана данек керектелет (алча, мурч, нокот).

• Мээнин оорусунда жаңгак.

• Жүрөк оорусунда калина же гречиха.

• Бөйрөк жана ашказан сюрусунда буурчак.

• Ичеги, вена, кан тамыр жана узун сөөктөр (бут-кол сөөгүн) оорусунда сулу. Омуртка, муундардын оорусунда дан өсүмдүктөрүнүн биринин сабагы.

Булак: КабарИнфо

Последние новости