www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты жана вице-спикер, коомдук саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова учурдагы саясый кырдаал боюнча NazarNews. кg маалымат агенттигине пикирин билдирди.
Нарматова өз сөзүндө:
--Кыргыз мамлекетинде эгемендүү мамлекеттин бирдиктүү, бир эле куралдуу күчтөрү бар спецназ Оштукпу же биздикиби дегени эмнеси? Куралдуу күчтөрдүн мурунку кол башчысы, унутуп калган окшойт, Кыргызстан деген бир эле мамлекет бар экендигин. Таң калыштуу. Тооба, тооба кылдым. Ынсап бергин өзүнө. 2010-жылкы, апрель кандуу төңкөрүлүшүнөн, июнь коогалаңдуу окуяларындагы энелердин көз жашынан, бозоргон жетимдердин убалынан корккула! Жеке керт башыңарды ойлоп, элдин тынчын албагыла! Ачык айталбай, кыйыр түрдө ар түрдүү сөздөр менен элди бөлүп, жарып сүйлөгөндү токтоткула! Аны мамлекеттик күзөт, жекече жансакчы коруктап турат. Ашыкча элди чогултуп, өз эшигин тебеленди кылып, экс Президент экендигин унутуп, талаа командири болгондун зарылчылыгы барбы! Аттиң, дегенден башка сөз жок. Кыргызстан үчүнчү төңкөрүштү көтөрө албайт. Канды эңсебей, элдин каргышына калбай, көрсөткөнүнө шүгүр келтиргиле. Тооба келтиргиле, жылаңач баатыр болуп, жан кечти болууну самабастан. Ким менен атышасыңар, эл мененби, бийлик мененби? Жигиттер “жалько” болгудай. Элге тынчтык, биримдик, ынтымакчылык керек! “Битке өчөшүп, ыштанын отко салыптыр” деген сабырдуу болгула! Бүгүнкү күндөр дагы өтөт кетет! Жеке таарынычты жалпы элден өч алууга айландыруу, тарыхта кечирилгис окуя болоорун ойлоп койгула!
Ниетке жараша жараткандын буйругу болот. Пейилди оңдогула. Тагдырдын сыноосуна, күнөөкөр издебей, күнөөнү өзүңөрдөн издеп, жыйынтык чыгарсаңар жакшы болмок. Элди бөлбөй, дүүлүктүрбөй тынч койгула! Кудайдын таразасы, тагдырдын тамашасына таң бериш керек! Кайтар дүйнө деген ушул. Ушундай тынчы жок, караңгыда жол таппай эрегишип турган курч кырдаалда, Кыргызстанда калыстыкты как жарып, орток көпүрө болуп, калыс сөзүн айтып, иретке келтирүүгө жол көрсөтүүчү, багыт берүүчү, эки тарапты бир пикирге келтирүүчү кадырман карыялар, даанышман аксакалдар, баатырдык наамды алып жүргөн ардагерлер кайда? Кайда ак жоолугун ортого таштаган, мамлекеттик сыйлыктарды алып төрдөн түшпөй жүргөн, сыйлуу, умай энедей байбичелер? Азыр да кеч эмес, даанышман аксакалдар менен умай энедей байбичелер, элдик дипломатиялык салт менен эки тарапты кепке келтирсе болмок. Жаман окуя болуп кеткенден кийин, түштөн кийин ортого чыкпай эле койгула сый үстүндө жүргөн ардактуу аксакалдар, ак элечек байбичелер. Өлкөбүздөгү бүгүнкү күндөгү, опурталдуу көрүнүштөр жакшылыктын жышааны эмес. Мамлекеттин жок болуп кетүү коркунучу жок эмес, эгерде регионалдык маселе курчуп кетсе. Үйдө олтуруп алып түрдүү, былык сөздөрдү таштап коюп, олтургандар толтура. Аларды көзөмөлдөгөн жан жок. Абийирибиздин барында этегибизди жаап калалы. Ансызда маскара болуп бүттүк. Убактылуу Өкмөттүн берген бирөөсүн да легитимсиз деп келебиз. Төртүнчүсү мынтип, шектелип, ыйгарым укуктарынан ажырап олтурат, деп билдирди Надира Нарматова.
Булак: NazarNews.kg