www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Саясатчынын оозунда эркин сөзү, бай идеясы жана эч кимге көз карандысыз позициясы болушу кажет. Элдин таламын талашуу менен дайыма бийлик агымына каршы сүзүү оңбогондой оор иш. Дал ушул жолдо Равшан Жээнбеков көп жылдардан бери өзгөрбөстөн, мамлекетчил көз карашынан тайбай, коомдогу болуп жаткан окуяларга карата өз чындыгын айтып келатат. Кимдир бирөөлөргө жагынуу, же бийликке кошомат кылуу (!) сыяктуу жат көрүнүштөрдөн жогору турарын билебиз.

Ал дасыккан саясатчы катары кайсы гана тармак боюнча кеп козгобосун, ириде реформаторлук идеялары менен бөлүшө алат. Тескери жолдон оң басууга үндөйт. Тилекке каршы, мындай саясатчынын душманы көп болору башынан белгилүү эмеспи. Буга чейин да, азыр деле Равшан Жээнбековго карата ар кандай кара пиарлар токтобой келет. Чагымчылык маанайындагы атакалар да байма - бай уюштурулуп турат.

Бирок, каарманыбыз эч бир моюн бербей, өжөрлүгү, күрөшчүлдүгү менен музду жарган кемедей келатат. Ооба, биздин коомго мындай саясатчылар өтө керек. Реалдуу саясатта бийликке ачык сын айткандар зарыл, ошентип көч түзөлөт, ал эми кошомат кылгандар жолдон адаштырышат. Натыйжада, Равшан мырзанын саясаттагы активдүү ишмердиги өтө маанилүү экенин эске салып, эртеңки тарых барактарынан бааланарын унутпайлы.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости