www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бүгүн, 26-мартта Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнү күчөтүү зарыл экендигин айтып, өзбек элине кайрадан Кайрылуу жасады.

"Бүгүнкү күндө дүйнө эли оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Коронавирус инфекциясы 190 дон ашуун мамлекетке таркалып, пандемияга айланды. Аталган илдет менен ооругандардын саны дүйнө жүзүндө -450 миңден ашса, илдеттен каза тапкандардын саны 21 миңден ашты. Тилекке каршы, аталган илдет биздин мамлекетибизге да баш багып, коронавирус менен ооругандардын саны 65ке жетти. Учурда 80 миңге жакын жаран үй шартында, 12 миң жаран атайын ооруканаларда карантинге алынган.

Бул апааттан калкыбызды сактап калуу үчүн баардык чаралар көрүлүүдө. Андыктан эл аралык жана ички транспорт токтотулуп, базарлар, коомдук тамактануучу жайлар убактылуу жабылды. Учурда 10 күндүн ичинде 20 чартердик рейс ишке киришип, Россия, Түркия, Иран, Сауд Арабия, Түштүк Корея, Египет, Малайзия, Индия, Таиланд, Индонезия жана Германиядан төрт миңге жакын жарандарыбыз алынып келинип, кошуна мамлекеттерден кирип келген 80 миңге жакын жарандарыбыз кылдаттык менен текшерүүгө алынды.

Айрым жарандарыбыз, айыл башчыларынын көз алдында көпчүлүктү жыйнап, шаан-шөкөт өткөрүп жатышат. Мисалы үчүн, Фаргона облусу, Жазаван районуна караштуу Беруний айылында жашаган аял Умрадан кайтып келип, карантинге алынып жатканына карабай, эрежени бузуп, эртеси күнү 120 киши чакырып чоң той өткөргөн. Жыйынтыгында 4 үй-бүлө аталган инфекцияны жуктуруп алган. Ошондуктан ким карантин эрежесин буза турган болсо жазага тартылып, 10 жылга эркинен ажыратылат. Бийликтин баардык бутактары тыкыр көзөмөл жүргүүзүсү шарт. Коронавирус пандемияси бүткүл дүйнө жүзүндөгү инсандар үчүн Жараткандын берген сыноосу. Оору жуктургандар өз убагында дарыгерлерге кайрылса алар сакайып кетишет. Бирок, эң акыркы оорулуу бүтүндөй сакайып кетпегенче бир дагы дарыгер оорукананы таштап кетпейт. Урматтуу дарыгерлер, өз өмүрүңөрдү тобокелдикке салып, пандемия менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине, санитардык кызматкерлерге бүтүндөй Өзбекстан калкынын атынан терең ыраазычылык билдиремин”, - деди Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-мартта «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. «2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышын пандемия катары жарыялады. Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 44 жаран тастыкталды. Учурда бейтаптардын алтоо реанимацияда жатат. Бүгүн, 26-мартта оору жуккан жаңы учур катталган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости