www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөн Темирлан Султанбеков деген бар эмес беле. Унута элек болсоңор керек, «Кыргыздын душманы - кыргыз, Манасты кыргыздар өлтүргөн» -деп, «Форумдун» алдында шолоктоп ыйлаган так ушул Темирлан Султанбеков эмес беле. Боорду эзген бул чунак экс-спикер Асылбек Жээнбековду ЖЭБдеги коррупцияга айыптап, Башкы прокуратурага арыз жолдоптур. Албетте, мунусу суу кечпейт деңизчи. Анткени, ошол маалдагы Координациялык кеңештин чечиминен кийин өкмөт №649 токтомун токуп, анда: «Конституциянын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, аталган мыйзам долбоору кечиктирилбестен, кезексиз тартипте каралсын» -деп сунуштаган.
Баарыбыз билгендей, регламенттен Конституция бийик турат, демек, спикер аны аткарбай койгонго аргасы жок. Экинчиден, төрага процедуралык маселени чечип, добушка гана коет, колдоп же колдобой коебу, ал парламенттеги 120 депутаттын иши. Үчүнчүдөн, Асылбек Жээнбеков 2018-жылы жай айында ушул маселе боюнча парламентте так пикирин билдирип: «Ооба, спикер кезимде өкмөттүн өтүнүчү менен ратификацияны караганбыз, мыйзамдын алкагында колдоп бергенбиз, анткени, ЖЭБке реконструкция керек болгон. Ал эми аны өкмөт кандай ишке ашырды, бул башка маселе» деген. Кыскасы, бул жерден саясий жактан каралоо болуп жатканын баамдасак болот, -деп "De-Факто" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg