www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европалык окумуштуулар ыңгайсыз шарттарда 20 жана андан көп жыл иштегенге аргасыз болуп жүрүшкөн кеңсе (офис) кызматкерлери убакыт өткөн сайын кандай ооруларга чалдыгышаарын, дене-түзүлүштөрү, өң-келбеттери кандай болуп калаары тууралуу Эмма аттуу модель жаратып, анын негизинде түшүндүрмө беришти.
Анда айтылгандай, окумуштуулар Улуу Британия, Франция жана Германия өлкөлөрүндөгү 3 миң кеңсе кызматкеринин арасында иштөө шарттары, алардын ден-соолуктары тууралуу сурамжылоо жүргүзүшүп, анын натыйжасында жогоруда айтылган Эмма аттуу моделдин образын түзүп чыгышкан.
Төмөнкү видеодон алар түзгөн, керээли-кечке монитордун алдында олтурган Эмманын көздөрү кыпкызыл, жасалма жарыктандыруунун (монитор жарыгы - ред.) алдында көп убакыт өткөргөндүктөн дене терилери бузулганын, ар дайым стулда олтургандыктан буттары варикоз болуп кеткенин, анын белдери жана жамбаштарына ашыкча эттер кошулуп, мойну тартылып, ал түгүл бүкүр болуп калганын көрүүгө болот.
«Көп убактысын жумушта өткөргөн кеңсе кызматкерлери келечекте ушундай оорулар, ушундай дене-түзүлүштөр менен жапа чегиши толук мүмкүн»,- деген окумуштуулар иш берүүчүлөрдү кеңселерде кызматкерлер үчүн шарттарды мүмкүн болушунча жакшыртууга чакырат.
Булак: NazarNews.kg