www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата…

-Аширбек агай, мен алгач  сиздей уулду тарбиялаган ата энеңиз, туулуп өскөн кичи мекениңиз тууралуу сурагым келип турат?

Ааламга жол айылдан башталат десе, келечекке да жол балалыктан башталат эмеспи. Ар бирибиз үчүн туулган айылыбыз эч нерсеге алмашкыс ажайып бейиш. Айылыбыздын бизге берген деми менен алдыга карай арым таштап келебиз. Кичи мекенге өзүбүз жетпесек да оюбуз жетип, көчөлөрүнүн ар бир ташына чейин үмүтүбүз закымдап учат.   Жүрөгүмө кымбат учкан уям...Жарык дүйнөгө келип, өскөн айылым – табийгаты табышмак, тарыхы терең Таш-Дөбө, анткеним биздин короонун четинде, чын эле топурагы жокко эсе жалаң таштардан чогултулган чоң дөбө бар, ага акактап араң чыгып айлана чөйрөңө көз чаптырсаң алыскы жерлер көрүнөт, андан тышкары ал дөбө археологиялык мурас деп эсептелинип,  мамлекеттин коруусунда болууда, ошого байланыштуу убагында мүмкүнчүлүк таап дөбөнүн тегерегин айланта тикенек зым менен курчап койгом.

Айлыбыздын тарыхы чынында эле абдан бай, айылым менен абдан сыймыктанам, аны өзүнчө баян кылса болот. Атам Бешкемпир, Апам Айымбүбү айылдын алгачкы тургундарынан, өмүр бою бир жерде жашап, төрт уул, төрт кыздын убайын тартып, багып- өстүрүп элге кошкон. Менин тагдырыма, келечекте мамлекеттик ишмер, аскер жетекчиси-колбашчы, генерал болушума алардын салымы чексиз деп санайм.  Балалык күндөрүм бактылуу өттү, ата-энем жөнөкөй колхозчулар болгону менен эч нерседен кем-карч кылбай, дайыма сергек, тыкан болууга таалим-тарбия беришип, ошого жараша мектепте мен да аракеттенип, алдыңкы окуучулардан болуп жүрдүм аларды кубантып. Жашоодо идеал туткан адам –мени алпештеп баккан раматылык атам болгон. Атамдын сабаты латынча болуп, заманбап билими болбосо да, ата-энесинен эрте ажырап, жетимчиликтин даамын татса да, Улуу ата мекендик согуштан бир колунан ажырап келсе да, жүрөгү таза, акылы тунук, азыркыча айтканда демократичный көз караштагы не бир асыл адам болчу, элдин баары Беке деп сый менен мамиле кылышар эле. Атам менен абдан сыймыктанам, Атамдын алдында уят болуп калбайын деп бардык нерсеге өтө жоопкерчилик менен аракет кылчумун.

-Аскер адамы болуу бала кездеги максатыңыз беле? Алгачкы эмгек жолунузду кайсы тармакта баштагансыз?

Эмгек жол деп, алгачкы өз алдынча жооптуу бир иштерди аткарууну айтсак, 1-класстан кийинки каникулдарда эле жайы менен колхоздун жумуштарына кирип иштей баштагам, 7-класстан кийин коңшу Казакстанга чейин барчубуз. Эмгек китепчеме жазылган расмий иш жолум 17 жашымдан комбинатта  анан курулушта башталган. Адам жаштайынан эмгек менен такшалса, келечекте атуулдук милдеттерин аткарууда көп ийгиликтерге жетишине жакшы түрткү болот көрүнөт. Мектепти аяктагандан кийин бир жыл иштеп, эр жигит эл четинде – жоо бетинде дегендей, жоокер болом деп аскердик окуу жайына өтүп кеттим, аны дагы мектептей эле ийгиликтүү бүтүрүп, чыныгы эмгек жолум офицер болуп аскер кызматында башталды.  41 жылдык аскер кызматымдын ачуу-таттуусун, ысык-суугунун баарын татып көрдүм, анын баары мени такшалтып, элиме-мекениме өтөгөн милдетимди аткарууда чоң өбөлгө болду. Кызматымдын кийинки 9 жылында ички аскерлердин кол башчысы болуп иштедим да, 60 жаш курагымда ардактуу эс алууга чыктым.

-Сиз аскерлерди Кыргызстандын тарыхындагы эң оор мезгилде жетектеп турдуңуз - ал Баткен окуялары. Кыйынчылыкта аскерден кетсем деген ой башыңызга келген жокпу?

Жок, тескерисинче, кыйынчылыктар мени чыйралтып, аскерлердин өнүгүүсүнө болгон күчүмдү жумшоого кайраттандырып, шердентип турчу. Анын үстүнө Афганистандагы согушта алардын Мамлекеттик Революцияны коргоо Башкы башкармалыгынын атайын багыттагы жана ыкчам аскер бөлүктөрүнүн улук аскер кеңешчиси болуп интернационалдык милдетимди аткарып жүргөнүмдө, башымдан далай нерсени өткөргөнүм жакшы эле такшалтып койгон болчу. Советтер Союзу убагында, Кыргызстандын Ички аскерлери үч эле аскердик бөлүктөн турчу. Алма –Атадагы 1986-жылдагы декабрь окуяларынан кийин, жашыруун директива чыккан, анда күч түзүмдөрүндө республиканын өз өкүлдөрү кызмат кылбасын, б.а. экстерриториалдык принцип менен башка республикада жайгашкан бөлүктөргө кызматка жиберилсин деген жагы бар эле. Ошондуктан Союз ыдырагандан кийин аскердик кадрдык офицерлерден биз дээрлик куру кол калдык, анткени башка жердин офицерлери мекенине кайтып кетишти. Мен ал кезде Алма-Атада полктун саркери болуп, анан Казакстандын аскерлеринин штаб башчысынын орунбасары элем, Казак Республикасынын Президентинин жаңы түзүлө баштаган Республикалык гвардиясына сунушташып, Ички аскерлердин бай тажрыйбасына таянган күжүрмөн даярдык боюнча кызматтын башчысы кылып дайындашкан эле, ошол өзгөчө аскердик түзүлүштүн телчигишине, башкача айтканда, өлкө башчысынын талаптарына жооп бергендей даярдыкты жүргүзүүнү жетектедим. 

-Сиз жетектеген “Генерал Ордо” коомдук бирикмеси жөнүндө айтып берсеңиз?

Генерал деген,  көп сандагы аскерлерди башкарган аскер башчысы жана Мекенди коргоодо маанилүү ийгиликтерге жетишкен адам болот. Биз көп учурда пенсияга чыккан генералдардын унутулуп калганын көрүп жүрөбүз. Эс алууга чыккандан кийин, ар кайсы түзүмдөрдөгү кесиптештериме кезигип,  сүйлөшүп калганда, алардын бай аскердик тажрыйбасы өлкө үчүн пайдаланылбай калганын сезип, билип, кейип да жүрдүм. Ар кандай маселелер менен чогулуп калчубуз, бир жолугушууда уюм түзүүнү чечтик да, ошол жерде эң улуусу да, көптү көргөнү да мен экенмин, мага баардык документтерди мыйзамдаштырып, төрага болууну сунушташты. 2009-жылы жазында бардык региондордон, бардык аскердик күч түзүмдөрүнүн  генералдары катышып, коомдук бирикмени мыйзамдаштырып түзүп, катарыбызды сапаттуу толуктап алып ишке киришкенбиз. Учурда коомдук бирикмебиз жаштарга мекенчилдик тарбия берүүдө, бийлик органдарына айрым учурларда пикир айтуу жана кеп-кеңештерибиз менен мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда өз салымыбызды кошуп келебиз. Ошо жылы күзүндө милицияда иштеген генералдар да ,,ички иштер министирлигинин генералдар клубун” түзүп, алар дагы коомдук тартипти сактоодо өз аракеттерин көргөзүп келе жатышат..

-Мамлекеттик тилдеги көптөгөн терминдердин автору болосуз, ички аскерлер биринчилерден болуп мамлекеттик тилге өтүштү. Сиздин көз карашыңызда, ушул тил реформасын жүргүзүү канчалык кажеттүү?

-Накта техникалык ,,автомат, самолет” аттуу сөздөр ошол бойдон калса да,  ,, сол - ГО, оң – ГО, кадам - ДА” деген буйруктардын ж.б.дын кыргыз тилинде таптак теңдеш сөздөрү бар, аларды колдонууга эмнеге болбосун. Мунун зарылчылыгы орус тилин начар түшүнгөн эр азаматтардын аскерге келгенинен да эмес, эң башкы себеп – мамлекеттин негизги башкы мыйзамы, Конституция талап кылып жатпайбы.

Мамлекеттик тил комиссиясына 2004-жылы президенттин указы менен тилчи жана юрист катары, айрыкча аскердик, укуктук жана саясий терминдер жагынан даярдыгы бар адис катары киргизилгем. Өз убагында, мамлекеттик комиссиянын мүчөсү жана соттор, укук коргоо, аскердик, күч түзүмдөрүнүн мекеме аралык тил жана терминдер комиссиясынын төрагасы кезимде, жогорудагы түзүмдөргө кирген 23 мекемелердин жетекчилерин, алардын орун басарларын, тил боюнча адистерин чогултуп, пикир такташып, илимий конференцияларды өткөрүп, Коопсуздук Кеңештин атайын отурумунда талкуулаганга жетишкенбиз. Улуттук комиссия  бекитип, колдоого алынгандан кийин, Ички аскерлер аталган мекемелерден биринчи болуп мамлекеттик тилге өтүшкөн, биздин тажрыйбага таянып, кийинчирээк башка түзүмдөр да өтө баштаган. Мамлекеттик тилди Кыргызстандын ар бир атуулу бийик деңгээлде алып жүрсө жана жакшы колдоно билсе бүгүнкүдөй тилдик көйгөй жаралбайт эле. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости