www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы программасы тааныштырылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын негизги багыттары, алдыдагы иш-чаралар, эл аралык сынактар жана маданий программанын концепциясы тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев,  Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун  Борубашов, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алтынбек Максутов, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов катышты.

Катышуучулар көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү маданий иш-чаралар, спорттук оюндар, илимий конференциялар жана көчмөн элдердин бай тарыхын,маданиятын жана руханий мурастарын дүйнөлүк коомчулукка кеңири таанытууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Ошондой эле мындай масштабдуу иш-чаралар элдер ортосундагы маданий байланыштарды бекемдеп, достук мамилелерди чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөрү айтылды.

Мындан тышкары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук баалуулуктарды даңазалоо, салттуу маданиятты сактоо жана жаш муундарды тарыхый мурасты урматтоого үндөө багытында маанилүү аянтча болору белгиленди.

 

Последние новости