www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан келген кыздар Тарых музейине барышты

 Бүгүн, 28-майда Кытай Эл Республикасынан атчан сапар тартып келген этникалык кыргыз кыздар — Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Али кызы Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барышты.

Меймандарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле маданият тармагынын өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхый байланышы, улуттук баалуулуктары жана маданий биримдиги тууралуу сөз болуп, кыздардын атчан сапары кыргыз элинин руханий мурасын даңазалаган өзгөчө символикалык демилге экени белгиленди.

Маалыматка ылайык, Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунан атчан жолго чыгышкан. Алар Нарын жана Ысык-Көл облустары аркылуу өтүп, Чүй облусу аркылуу Бишкек шаарына келишти.

Бул сапар тарыхый тамырларды бекемдөө, улуттук маданиятты даңазалоо жана дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын руханий байланышын чыңдоо максатын көздөйт.

Последние новости