www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюмдашкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынан келип чыккан Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында, ошондой эле өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран Франция Республикасына экстрадицияланды.
Франция Республикасынын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн адам кылмыштуу топтун курамында аракеттенүү менен чет өлкөлүк жарандардын Францияга жана Шенген аймагынын айрым мамлекеттерине мыйзамсыз кирүүсүнө жана жүрүүсүнө көмөктөшүүгө шектелүүдө.
Экстрадиция Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Интерполдун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросунун өз ара координацияланган ишинин натыйжасында камсыз кылынды.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы мындан ары да чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен эл аралык кызматташтыкты күчөтүп, кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо багытындагы өз ара аракеттенүүнүн географиясын кеңейтүүнү улантат.