www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-майдагы жыйынында Бишкек, Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас, Кара-Кулжа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

- Бишкек шаардык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шананов Алмаз Абылкасымовичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Токмок шаардык кеңешинин депутаты Абдимуталипов Алтынбек Абдимуталиповичтин (“Адилет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Нурлан уулу Байзакка (“Адилет” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Толобаев Куанычбек Ганыевичтин (“Адилет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдираимов Байышбекке (“Адилет” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңешинин депутаты Касымова Назгуль Жаманкуловнанын ыйгарым укугу жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Анарбаева Алтынбу Курванбековнага өткөрүлүп берилди;

- Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңешинин депутаты Умарова Клара Мамиржановнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Альярова Гульчехра Абдыганиевнага өткөрүлүп берилди;

- Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Арыкбаева Гүлжамал Акжоловнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Азимбекова Нодира Абдукаримовнага өткөрүлүп берилди;

- Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаты Быржыева Жазира Майрамбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мадраймова Айгүл Кушчубаевнага өткөрүлүп берилди;

- Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңешинин депутаты Окен уулу Шумкарбектин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Апазов Айтмамат Садыковичке өткөрүлүп берилди;

- Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айылдык кеңешинин депутаты Жолдошова Бактыгүл Болотбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чымынов Эрмамат Суранбаевичке өткөрүлүп берилди.

 

Последние новости