www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги учурдагы кырдаал тууралуу Жалал-Абад облусунун Таш-көмүр шаарынын жергиликтүү тургундарынын пикирине кызыкты.
Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, шаарда бет кап тигилип, ар бири 20 сомдон сатылып жатат. Шаарда абал тынч. Тургундардын арасында бет кап такпай жүргөндөр деле көп. Алардын бири Азат бул “вирус менен оорубай деле, кулап түшүп өлүп калышың мүмкүн” дейт. Мындан сырткары, кыргыз элинин дүрбөлөңгө түшүшүнө кажет жок деп билдирген.
Шаардын ашканаларынын биринде иштеген айым шаарда №20 үйдө коронавируска бир адам шектелип, аны текшерүүгө алып кетишкенин билдирди. Анын айтымында бул окуяны өздөрү көргөн эмес, бирок тургундардын айтымында, кечээ кечинде умрадан келгенин укканда крантинге алып кетишкен.
Эске сала кетсек, 18-мартта Кыргызстандын Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы бүгүн түнү Бишкектен чыкты. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен. Алар ал жакка кичи ажылыкка барып келишкен. Илдет аныкталган үч киши менен кошо Сауд Арабиясынан учуп келген 45 жүргүнчү изделип жатканын маалымдалды. Ал учакта жалпы 135 адам болгон, алардын ичинен 90 киши 18-мартта изоляцияга алынды.
Булак: NazarNews.kg