www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АУЦАнын президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан кетүүнү чечти

Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Качинс окуу жылынын соңунда АКШга кайтууну чечти. Бул тууралуу университеттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Качинс убактысын үй-бүлөсүнө бөлүү үчүн ушундай чечимге келген.

Эми окуу жайдын камкорчулар кеңеши университетке жаңы президент издей баштайт.

Эске салсак, АУЦАнын президенти Эндрю Качинс 2021-жылдын апрель айында ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылган. Буга 12-март күнү Эндрю Качинс аты жазылып, университеттин дарегине Дубайдан жөнөтүлгөн посылканын ичинен баңгизат чыкканы тууралуу материалдарды Бажы кызматы ИИМдин Тергөө кызматына жибергени себеп болгон.

Посылканын ичинен табылган таблетка, капсулалар экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында курамында психотроптук зат бар экени аныкталганы айтылган. ИИМ университеттин президентин күбө катары суракка чакырып, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат жаздырып алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости