www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган жерге барды.

Садыр Жапаров Түркиянын мамлекеттик жана саясий улуу ишмеринин бейитине гүлчамбар коюп, анын элесине таазим кылды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы мавзолейдин музейин көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

«Аныткабир» мемориалдык комплекси Мустафа Кемал Ататүрктүн мамлекетинин жана элинин алдында сиңирген эмгегине урмат көрсөтүүчү символу катары тургузулган. 750 чарчы метр аянтты ээлеген бул комплексте мавзолей, музей, парк жана башка объекттер бар.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости