www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пара талап кылуу фактысына бөгөт коюлду, – деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Такталгандай, Ош областынын Кара-Суу райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү милициянын улук лейтененты «А.М.А.» зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн КР «А.М.А.» аттуу жарандан 20 миң өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.

2021-жылдын 8-июнунда КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликтеги ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош областынын Кара-Суу райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү «Б.Г.И.» 20 миң өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган адам КР УКМК Ош шаардык жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости