www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 10-11-июнь күндөргө белгиленген Тажикстанга боло турган сапарында эки өлкөнүн өз ара кызматташуусунун маанилүү багыттары боюнча 30дан ашык документке кол коюлат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын күн тартибинде Душанбе шаарында расмий жолугушуу, тар чөйрөдө сүйлөшүү, кеңири курамда жыйын өткөрүү, социалдык объектилердин ачылышына онлайн катышуу жана эки тараптуу документтер топтомуна кол коюу каралган.

Алгач Душанбеде эки өлкөнүн лидерлери эл аралык саясат жана аймактын күн тартиби боюнча пикир алмашып, биргелешип уюштурулган маданий иш-чараларга катышышат.

Андан соң мамлекет башчылары Согди облусунун коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп, аймактагы бир катар өнөр жай объектилери менен таанышат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмү былтыр 500 миллион долларды түзүп, 200дөн ашык биргелешкен ишкана ачылган.

Эки өлкөнүн расмий адамдары жакынкы жылдары товар алмашуу көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости