www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Авазбек Аманбеков – дүйнө чемпиону!

Кыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков WAKO версиясы боюнча кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Турнир Босния жана Герцеговинанын Сараево шарында өткөн.

Аманбеков 57 килограммга чейинки салмакта лоу-кик боюнча таймашкан. Ал 23-октябрда палестиналык мушкерди, 24-октябрда америкалык мушкерди жеңген. Ал эми 25-октябрда жарым финалдык беттеште Мавританиялык мушкерди утуп, финалга жолдомо алган.

Финалда ал түркиялык Мухаммед Саит Онсулга туш келип, аны жеңип алтын медаль тагынды.

Белгилей кетсек, бул турнирде катышып жаткан кыргызстандык мушкерлер Алексей Федосеев, Рустам Ибрагимов жана Шерзод Кабутов жеңилүү ызасын тартып калышты.

Ал эми мекендешибиз Аброр Хакимов 3-орунду багындырып, коло медаль тагынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости