www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Август айына карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, август айында Кыргызстандын аймагында абанын орточо температурасы норманын чегинде болушу күтүлөт.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 22...24°, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо норманын чегинде болуп, 15...17° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8...13° жылуулуктан 16...21° жылуулукка чейин, күндүз 21...26° жылуулуктан 31...36° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. К

емин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8...13° жылуулуктун тегерегинде болсо, күндүз 18...23° жылуулуктан 25...30° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 6...11° жылуулуктан 12...17° жылуулукка чейин, күндүз 18...23° жылуулуктан 28...33° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусунун дыйканчылык аймактарында 23...25°, тоо этектериндеги райондордо 19...21° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13...18° жылуулуктан 21...26° жылуулукка чейин, күндүз 23...28° жылуулуктан 33...38° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7...12° жылуулуктан 14...19° жылуулукка чейин, күндүз 18...23° жылуулуктан 28...33° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында 23...25°, тоо этектериндеги райондордо норманын чегинде болуп, 19...21° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13...18° жылуулуктан 21...26° жылуулукка чейин, күндүз 23...28° жылуулуктан 33...38° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7...12° жылуулуктан 14...19° жылуулукка чейин, күндүз 18...23° жылуулуктан 28...33° жылуулукка чейин жетет. Токтогул районунда түнкүсүн 10...15° жылуулуктан 16...21° жылуулукка чейин, күндүз 20...25° жылуулуктан 29...34° жылуулукка чейин болот.

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 23...25°, тоо этектериндеги райондордо норманын чегинде болуп, 19...21° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13...18° жылуулуктан 21...26° жылуулукка чейин, күндүз 23...28° жылуулуктан 33...38° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7...12° жылуулуктан 14...19° жылуулукка чейин, күндүз 18...23° жылуулуктан 28...33° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 3...8° жылуулуктан 11...16° жылуулукка чейин, күндүз 16...21° жылуулуктан 26...31° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7° жылуулуктан 10...15° жылуулукка чейин, күндүз 15...20° жылуулуктан 25...30° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Алай өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -1° суук, +4° жылуулуктун тегерегинде болсо, күндүз 7...12° жылуулуктан 16...21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -1° суук, +4° жылуулуктан 5...10° жылуулукка чейин, күндүз 10...15° жылуулуктан 20...25° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости