www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Кыргызстанды өнөктөш өлкө катары ылымсанап, газдын баасын Европа мамлекеттериндей көтөрбөгөнү өлкөнүн энергетика тармагында туруктуулукту сактоого жана калктын кирешесинин төмөндөшүнө жол бербөөгө мүмкүндүк берди.

Айталы, Кыргызстан Орусиядан 1000 куб метр газды 150 доллардан арзандатылган баада сатып алат. Калк үчүн социалдык багыттагы тарифти кармап туруу үчүн "Газпром Кыргызстан" буга чейин 5 миллиард сом субсидиялаган. Салыштыруу үчүн, орус газынан баш тартып, өткөн кышта Европа АКШдан жана башка өлкөлөрдөн газдын 1000 куб метрин 1000-3000 доллардан сатып алышкан.

Кыргызстанда 2014-жылдан бери газдаштыруу деңгээли 22%дан 38%га көтөрүлдү, 45 миң үй газ менен камсыз болду. Бишкек шаарында 27 конуштагы 27 миң үйгө газ кирди.

"Газпром Кыргызстан" 8 жылдын ичинде республиканын газ тармагын модернизациялоого 30 миллиард сом жумшаган. 200 километр газ проводу, анын ичинде магистралдык куурлар калыбына келтирилип реконструкцияланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости