www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жүргүнчү ташыган учактардын бортунда мамлекеттик тилде маалымат берүү милдеттүү талап катары киргизилди. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.

Жаңы талап Кыргызстанга, Кыргызстандан жана өлкө аймагында үзгүлтүксүз жүргүнчү ташыган бардык авиакомпанияларга, анын ичинде чет өлкөлүк авиаташуучуларга да тиешелүү болот.

Эми учактарда жүргүнчүлөргө арналган негизги жарыялар, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардагы куткаруу тартиби жана учуу коопсуздугуна байланышкан башка билдирүүлөр кыргыз тилинде да айтылышы керек.

Агенттик белгилегендей, мамлекеттик тилдеги маалымат башка тилдердеги билдирүүлөрдүн мазмунуна толук шайкеш келүүгө тийиш.

Авиакомпанияларга тиешелүү жарыяларды даярдап, жаңы талаптардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Последние новости