www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Түндүк Кореядан дагы 30 миң аскер кызматкерин алууну пландап жатканын билдирди. Анын айтымында, июнь айынан бери Воронеж облусунда аларды кабыл алууга даярдык жүрүп жатат.
Зеленский ошондой эле Пхеньян Орусияга баллистикалык ракеталар үчүн кошумча учуруучу түзүлүштөрдү берүүгө даярданып жатканын айтты. Анын пикиринде, бул Украина үчүн гана эмес, Түндүк Кореянын ракеталары жеткен Азия өлкөлөрү үчүн да коркунуч жаратат.
Маалыматтарга караганда, Түндүк Корея 2024-жылдын октябрынан бери Орусияга болжол менен 20 миң аскер жөнөткөн. Украинанын аскердик чалгын кызматы алардын жалпы жоготуусу 7058 адамга жеткенин, анын ичинен 2251и каза болуп, 4807си жаракат алганын билдирген.