www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-июнда Москвадан Ош шаарына жөнөгөн кыргызстандык беш кардар уча албай, калып калган. Алардын айтымында, “Авиатрафик” компаниясынын кызматкерлеринин күнөөсүнөн кардарлар учуучулардын тизмесинде “бирде бар, бирде жок болуп” же “каттоодон кечиктиңер” деген жоопторду алып отуруп, аягында каттамдан калып калышкан. Алардын өкүлү Таалайбек компаниянын расмий сайтынан Москва-Ош каттамына 5 электрондук билет сатып алышканын, бирок учууга келгенде көйгөйлөр чыгып, компания тарабынан калыс чечилбегенин билдирет.
- Биз Москва-Ош багыты боюнча YK-996 жана YK-748 каттамдарына 3 билет, ошол эле күнү Москва-Бишкек багыты боюнча YK-884 каттамына жана Москва-Ош каттамына YK-748 каттамына дагы 2 билет сатып алганбыз. Бирок, аларды Домодедово аэропортунда “тизмеде жоксуңар” деген негиз менен каттамга өткөрбөй коюшкан. Кардарлар өз чындыктарын далилдеп, талап кыла башташканда компания кызматкерлеринин бирөө келип алардын бирөө тизмеде бар экенин билдирген, бирок каттоого келгенде аны да “аты-жөнү туура эмес толтурулган” деген шылтоо менен каттабай коюшкан. Компаниянын Москвадагы өкүлчүлүгүнө чалышса “тизмеде барсыңар, бирок каттоодон кечиктиңер” деген кыска жоопту узатып, трубканы коюп салышкан. Ушундай жооптон кийин кардарлардын көйгөйүнө эч кимиси көңүл бурбай коюшкан. Ары чуркап, бери чуркап отуруп, жыйынтык чыкпаганда акыры алар башка компаниядан кайрадан билет сатып алып учууга мажбур болушкан. Мунун баары аэропорттогу видеокамераларда даана жазылып турганына карабай, авиакомпания бүгүнкү күнгө чейин күнөөсүн моюнга албай, биздин чыгымыбызды кайтарбай келет. “Авиатрафиктин” өкүлү Асель Келдибаевага кат жазганыбызда ал “тизмеде аталган кардарлар бар болчу, бирок алар каттоого кечигип калышкан, билет чыгымдарын кайтарып алууңар үчүн буйрутмаңар боюнча кайра кирип, кайтарууну эрежелер боюнча жасайсыңар” деп жооп берди. Бирок, биздин жагдайда күнөө кардарлар тараптан кетпегендиктен, кайтарууну компаниянын эрежелери боюнча жасап, сумманын кайсы бир пайызын кармап калуу туура эмес. Ошондуктан, биз 55740 рубль чыгымыбызды толук кайтарууну талап кылабыз. Компания өз кемчилигин моюнга албай жаткандыктан, биз сотко кайрылып укугубузду коргогону жатабыз, - дейт Таалайбек.
“Авиатрафик” авиакомпаниясынын өз кардарларына жасаган адилетсиз мамилелери тууралуу бизге буга чейин да бир катар кардарларынан бейформал маалыматтар айтылып келген. Ошондуктан, авиакомпания өз ишмердигиндеги мындай кырдаалдар жана жогоруда айтылган жагдай боюнча өз пикирин билдирип чыгаар. Ал эми биз жогорудагы беш кардардын жагдайын иликтеп көрөбүз.
Булак: NazarNews.kg