www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Телеканалдардагы контенттин 70 пайызы кыргыз тилинде болууга милдеттендирген мыйзам иштелип чыгыптыр, бул кыйноо эмеспи?

– Албетте, бул кыйноо. Анткени буга чейин эле «телеканалдардын продукциясынын 50 пайызы кыргызча болсун» деген норма бар болчу, бирок аны эч ким аткара элек. Керек болсо КТРКга кирген башка каналдар деле муну аткара албайт.

Мисалы, жаңылыктарды эле карап көрөлү. Мыйзамды кабыл алып койсо эле, ал ишке аша берет деген түшүнүк туура эмес, себеби муну аткарыш үчүн мамлекеттик заказ дегенди киргизиш керек. Жакынкы эле Казакстандын тажрыйбасын карап көрө турган болсок, аларда мамлекет тарабынан миллиондогон каражат бөлүп, телеканалдардагы контентти казак тилинде иштеп чыгуу, жаңы продукция жасоо иштери жолго коюлган.

Бизде шарт түзбөй эле, улам бир мыйзам чыгарып, телеканалдарды муунтуп жаткандай элес калтырат. Бардык телеканалдардын мүмкүнчүлүгү бирдей эмес. КТРК биздин чөнтөгүбүздөн, республикалык бюджеттен каржылангандыктан, алардын мүмкүнчүлүгү бир аз жакшыраак. Ал эми майда телеканалдарды айта турган болсок, алар өз күчү менен мындай контентти иштеп чыгуусу кыйын.

- Бул кадамдар кыргыз тилин өнүктүрүүгө канчалык таасир эте алат?

- Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө мамлекеттик көз караш менен барыш керек. Эгер мыйзамды аткаруу механизмдери каралып, өкмөт тарабынан токтомдор кабыл алынып, кыргыз тилди өнүктүрүү боюнча атайын иш-чаралар каралбаса, мунун бардыгы популисттик деңгээлде кала берет.

Маселен, азыр орусча сүйлөбөгөн кыргыз үй-бүлөлөрүндө деле балдардын тили орус тилинде чыгып жатат. Себеби, Ютуб аркылуу балдарды өнүктүрүүчү видеолорду көп көрүшөт. Андыктан мамлекет балдардын тили чыккандан тартып, аларга багытталган кыргыз тилдүү продукция жасап, аны телеканалдарда, интернетте таратмайын, бул жактан жылыш болбойт.

Мисалы, буга чейинки 50 пайыз кыргызча контент даярдоо эрежесинин айынан телеканалдарда кыргыз тилдүү кинолор кайталанып жана башка тилдеги тасмалар сапатсыз котормолору менен эфирге чыгууда...

Ооба, ушул норманы аткара албай жатканда, 70 пайыз деген эреже киргизүү теңирден тескери кадам. Ал мыйзамда дагы ишке ашыруу механимдери бекитилген эмес. Ошондуктан ушул күнгө чейин ал аткарылган жок. Ушундай реалдуу эмес документтер кабыл алына берсе, ал телеканалдарга гана сокку урат. Контент жаратууну каржыламайынча мындан жыйынтык чыкпайт.

- Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча кыргыз тилинин бардык нормаларын тилчилер эмес, депутаттар бекитет экен, бул туурабы?

- Негизи, тил нормаларын Жогорку Кеңештен бекитүү илгертен келаткан салт. Бирок азыркы биздеги парламенттин, депутаттардын сапатына таянсак, бир топ коркунуч бар.

Себеби - кээде ЖКга авторлор тарабынан терең иштелип чыккан, сапаттуу мыйзамдар киргени менен, депутаттар жеке кызыкчылыктарын көздөп, экономикалык же салык боюнча мыйзамдарды такыр таанылгыс кылып өзгөртүп салат. Ушундан улам тынчсыздануу пайда болот. Сабатсыз депутаттар шайланып келсе, ушундай нормаларга да сокку урулушу толук мүмкүн.

Булак: Азия News гезити

Последние новости