www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясий чөйрөдө МЧС деген ылакап атка конгон, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди. Бишкектеги Биринчи май райондук соту 27-ноябрда анын бөгөт чарасын карап, №1 тергөө абагында эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды.Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов 1953- жылы 13- декабрда Кемин районунун Илич айылында туулган. 2007-жылдын декабрындагы парламенттик шайлоодо «Ак жол» партиясынын парламенте күтүүсүздөн көп орунду алышына М.Садыркуловдун тиешеси түздөн түз бар. Мамлекеттүүлүктү чыңдоону бийликти күчөтүү аркылуу ишке ашырган – М.Садыркулов эле. Ошентип Медет Садыркуловдун душмандары оппозицияда да толтура эле. Мисалы, Ишенбай Кадырбеков Садыркулов 7-кабатта отурганда анын көрсөтмөсү боюнча камакка отургузулган. Бул бир. Экинчиден, оппозициянын «мен-мендеген» «Ата-Мекен», «Ак-Шумкар» баштаган атактуулары парламентке өтпөй калышты. Ал убакта дагы Медет Садыркулов «өзүм бий,өзүм хан» эле.
Бир чети Медет Садыркулов Өмүрбек Текебаевге жылуу мамиледе болгону менен оппозициянын башка өкүлдөрү менен, мисалы, Кубат Байболов менен мамилеси сууп калган. Ал экөө КМУнун тарых факультетин чогуу бүтүрүшкөн, андан соң көп жылдар бою ысык достордон болушкан.
Садыркулов менен каза болордон бир күн мурун Алматыга баратып телефондон сүйлөшкөн Гаипкулов досунун каза болгону жөнүндө президенттин жанында отуруп уккан:«13-март күнү эртең менен ал кезде мен жетектеген Эсеп палатасынын иши боюнча отчет берейин деп президентке киргем. Президентке отчет берип чыксам эле Медет Чокановичтин жардамчысы чалып, ушундай суук кабарды айтты. Ал учурда президент эч нерседен кабары жоктой эле отурган», - деген Искендер Гаипкулов Садыркуловдун өлүмү азыркыга чейин түйшөлткөнүн кошумчалаган.
Медет Садыркулов кесиби боюнча тарыхчы болчу. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, Кыргызстан эгемендик алган учурда аткаруу бийлигине өтүп, район акими, Салык кызматынын, Эсеп палатасынын төрагасы болуп иштеген. Кийин мурдагы президент Аскар Акаевдин администрациясында жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2000-2005-жылдары Кыргызстандын Ирандагы элчилик кызматын аркалаган. 2005-жылдагы март окуяларынан кийин алгач администрация башчысынын орун басары, кийин жетекчиси болуп калган.
Эсеп палатасынын аудитору Айжан Садыркулова аудиторлук ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин бул мекеменин жетекчиси болуп иштейт.42 жаштагы Айжан Садыркулова президенттик аппараттын мурдагы башчысы, маркум Медет Садыркуловдун кызы. Эсеп палатасынын аудитору болуп ал 2016-жылдан бери иштейт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg