www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда изделип жаткан 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын жансыз денесине жүргүзүлгөн алгачкы кароодо эч кандай жаракаттар байкалган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"27-ноябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан телефон чалуу болуп, ошол эле райондун Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжолдуу 12 жаш курактагы кыздын жансыз денеси табылгандыгы кабарланган.

Бул маалымат боюнча Сузак РИИБинин жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу жансыз дене табылган жерге барышкан. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн убакта эч кандай жарааттар байкалган эмес. Ошондой эле табылган жансыз дене Сумая Хосилжанова экендиги такталган. Бул факты Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 27-ноябрда дайынсыз болуп изделип жаткан Сумая Хосилжанованын жансыз денеси табылган.

Маалымат үчүн: Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости