www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен жолукту

Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинин алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстан Республикасынын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту.

КРнын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн мамилелеринин учурдагы абалын, самиттин күн тартибиндеги долбоорлорду, ошондой эле жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровго Ашхабад шаарында өтүүчү ЭКУнун юбилейлик саммитине катышууга анын чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ЭКУ маанилүү аймактык түзүм экенин баса белгилеп, түркмөн тараптын ЭКУга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даярдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын лидерине жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул биргелешкен кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркмөнстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости