www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоого катышкандардын саны канчага жетти?

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул 602 432 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.

Учурда Нарын облусу активдүүлүк көрсөтүүдө (18,94 пайыз), ал эми Чүй облусу эң артта (14,24 пайыз) баратат.

Бир мандаттуу округ боюнча шайлоочулардын 16,39 пайызы же 593 315 миң жаран өз тандоосун жасады.

Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт. Буга байланыштуу эки системанын ортосунда айырмачылык болот.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.

Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.

Бүгүн эртең мененки саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлемекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости