www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү мыйзам бузуулар тууралуу 17 кайрылуу түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, арыздардын экөө добуш сатып алууга байланыштуу. Үгүт иштеринин эрежелерин бузуу боюнча беш кайрылуу түшсө, шайлоочуларды ташуу жана шайлоо эрежелерин бузганы боюнча бирден арыз, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн үстүнөн үч кайрылуу катталган.
Дагы беш кайрылуу автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу.
Шайназаров добуш сатып алуу жана башка фактылар каралып жатканын белгилеп, жыйынтыгында тийиштүү баа берилерин кошумчалады.
Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.
Парламент депутаттарын партиялардын негизинде шайлоо үчүн 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдарда 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.
Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.
Кыргызстанда шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08:00дө ачылды. Добуш берүү кечки саат 20:00дө аяктайт.
Булак: NazarNews.kg