www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Kaganat Resort эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана «Аврора Групп» компаниясынын ээси Азрет Боотаев СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлер билдиришти.
Алардын айтымында, соттун чечими менен Азрет Боотаев бир жума мурун камактан бошотулган.
Эске салсак, Азрет Боотаев 27-июлда кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда кармалган. Ал Алматыдан Бишкекке кайтып келе жаткан. Кармалгандан кийин борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Буга чейин «Аврора» бизнес-борборунун айрым бөлүктөрү Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти тарабынан мөөр басылып жабылган. Ошол эле учурда борбордук имарат ишин уланткан.
Боотаев буга чейин да 2023-жылдын 4-октябрында кармалган. Ошол эле жылдын декабрында СИЗОдон бошотулган. Анда ал мамлекетке 356 млн сом төлөп, кыймылсыз мүлк берген.