www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 21–27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын адистери Ысык-Көлдүн суусунун сапатына тереңдик боюнча гидрохимиялык мониторинг жүргүзүп жатышат.
Мониторингдин алкагында көлдүн белгиленген аймактарынан жана ар кандай тереңдиктерден суу үлгүлөрү алынып, алардын гидрохимиялык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү изилденүүдө.
Изилдөөнүн негизги максаты — Ысык-Көлдүн суусунун учурдагы абалы тууралуу ишенимдүү жана объективдүү маалыматтарды алуу, суунун сапатынын көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүү жана көлдүн экосистемасына таасир этиши мүмкүн болгон факторлорду өз убагында аныктоо.
Мониторингдин жыйынтыгында алынган маалыматтар Ысык-Көлдүн суусунун сапатынын учурдагы көрсөткүчтөрүн баалоого, мурдагы байкоолордун жыйынтыктары менен салыштырууга жана көлдөгү узак мөөнөттүү өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүүгө багытталат.
Маалымат үчүн
Кыргызгидромет тарабынан Ысык-Көлдүн суусунун сапатына мониторинг жылына эки мезгилде — туристтик сезон башталганга чейин жана туристтик сезон аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Мындай ыкма сезондук өзгөрүүлөрдү аныктоого жана суунун сапатынын көрсөткүчтөрүн ар кандай мезгилдер боюнча салыштырууга мүмкүндүк берет.
Тереңдик боюнча мониторингдин биринчи цикли туристтик сезон башталганга чейин өткөрүлгөн. Учурда туристтик сезон аяктагандан кийин тереңдик боюнча байкоолордун кезектеги цикли жүргүзүлүүдө.
Ысык-Көл Кыргызстандын жаратылышындагы өзгөчө мааниге ээ болгон суу объекттеринин бири. Анын суусунун абалына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү көлдүн экосистемасындагы өзгөрүүлөрдү баалоого жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди өз убагында аныктоого шарт түзөт.
Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү, антропогендик жүктөмдүн өсүшү жана туристтик активдүүлүктүн көбөйүшү сыяктуу факторлордун шартында көлдүн абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн мааниси жогорулап жатат.
2026-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Ысык-Көлгө климаттык басым күчөп жатканын белгилеп, аны сактоо максатында БУУнун алкагында атайын биргелешкен трасттык фонд түзүү демилгесин көтөргөн. Ошондой эле акыркы беш жылда көлдөгү суунун деңгээлинин төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге чейин жеткени белгиленген.
Кыргызгидромет Ысык-Көлдүн суусунун сапатына системалуу мониторинг жүргүзүүнү улантып, алынган маалыматтарды мамлекеттик экологиялык мониторингдин алкагында пайдаланууда.