www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралиялык изилдөөчүлөр коронавирусту заматта жок кыла турган ивермек деп табышты. Бул тууралуу “Antiviral Research” журналына жарыяланган.

Маалыматка ылайык, бул дарынын бир дозасы 24 сааттын ичинде организмдеги RNA вирусунун көлөмүн азайтып, 48 сааттын ичинде вирусту толугу менен организмден чыгара алат. Аны адамдар мурун  бит жана котур менен күрөшүүдө пайдаланышкан.

Ошондой эле, ивермектин препараты азыркы учурда вирустуу ооруларды, анын ичинде ВИЧ, Зика, сасык тумоо  дарылоодо да колдонулат. 

Ага кошумча, ивермектин дозасы күчтүү болгондуктан, адамдарга канчалык таасир этээрин клиникалык сыноолордон кийин препарат коронавирусту дарылоо үчүн сунушталабы же жокпу аныкталат.

8-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус жукканы аныкталгандар 1,5 миллионго чукулдады. Алардын 82 миңден ашууну көз жумса, айыккандар 300 миңден көп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости