www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атайын изоляторлордо карантинге алынган 200дөн ашуун австралиялыктар кан аркылуу жугуучу ооруларга, анын ичинде ВИЧке текшерүүдөн өтүүгө дарыгерлер чакырууда. Бул жөнүндө CNN басылмасы жазып чыкты.

Бийлик буга чейин кандагы канттын анализин алуу учурунда ар кандай адамдарга бир эле ийне колдонушканын моюнга алышкан.

Victoria's Safer Care саламаттыкты сактоо агенттиги жүздөгөн австралиялыктар үчүн оору жуктуруу коркунучу аз экендигин белгилейт. Бирок, адистер дагы эле 243 бейтап менен байланышып: алар ВИЧ, гепатит В жана С вирусун жуктуруп алышы мүмкүн экендигин айтып көзөмөлдөн өтүүгө чакырышты.

Ошондой эле бийлик потенциалдуу жабырлануучуларга ушул оорулар боюнча жашыруун тестирлөөгө мүмкүнчүлүк берери айтылууда. 

Булак: NazarNews.kg 

 


 

Последние новости