www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ногойбаев Жеңишбек транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Буга чейин аталган кызматты Абдралиева Гүлмира Курманбековна аркалап келген. Ж. Ногойбаев 2013-жылдын 27-сентябрынан тарта “Бишкекавтовокзалы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеп, 2016-жылдын 1-мартында кызматынан бошотулган.

Ага “Бишкекавтовокзалы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеп, 2016-жылдын 27- сентябрынан тарта “Бишкек автовокзалы” мамлекеттик ишканасынын башкы диретору кызматын аркалап жүргөндө, 2015-жылдын июль айында ишинде олуттуу кемчиликтерди кетиргени жарыяланган.

Анын натыйжасында 2015-жылдын 20-июлунда Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясы өзүнүн отурумунда бир нече кызматкерди, анын ичинде Ж. Ногойбаевди кызматынан бошотуу тууралуу токтом кабыл алынган болчу. Автобекеттин ишин жөндөй албай, сөгүш алып кызматтан алынган Ногойбаев эми орун басар болуп иштей алат бекен?

Булак: "Фабула"

Последние новости