www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автобус билеттерин эми онлайн сатып алса болот

Автобус билеттерин эми онлайн сатып алса болот. "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы билеттерди онлайн сата баштады.

Ишканадан билдиришкендей, онлайн билетти автобекеттин сайтынан алууга болот.

Билет алуу үчүн алгач маршрутту, күнүн, жүргүнчүлөрдүн санын тандап, жеке маалыматтарды киргизүү зарыл. Андан соң, мобилдик капчык же банк аркылуу төлөп, буйрутма берүүгө болот.

Билет электрондук почтага жөнөтүлөт. Аны басып чыгаруунун кажети жок, онлайн билетти айдоочуга көрсөтүп, автобуска отура аласыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости