www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы январь-февраль айларында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 2 млрд 172,8 млн сом салык чогултту.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 267,8 млн сомго көп жыйналган.

Ошондой эле салык салуунун бул системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны да өсүүдө. 2024-жылдын 1-мартына карата бирдиктүү салыкты төлөөчүлөрдүн саны 174 миң 447ни түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 80 миң 841 субъектке көп.

Эскерте кетсек, товарларды, жумуштарды сатуу жана кызмат көрсөтүү менен алектенген жеке ишкерлер 2022-жылдан баштап 0%дык ставка боюнча салык төлөй алышат. Ошондой эле алар 2022-жылдан тартып бирдиктүү салык боюнча отчет тапшыруудан бошотулушкан.

Белгилей кетсек, эгерде жеке ишкер көрсөтүлгөн убакта кайрадан катталса же башка салыктык режимден салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтсө, бул ставканы колдоно алат. Бул учурда ал сөзсүз ККМди колдонууга милдеттүү, ал эми түшкөн акчанын көлөмү акыркы 12 айда 15 млн сомдон ашпоого тийиш.

Бирдиктүү салыктын негизинде иш жүргүзгөн тигүү өндүрүшүнүн субъекттери үчүн 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө 5 жыл ичинде түшкөн акчадан 0,25% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн ставка каралган. Мындан сырткары, тигүү өндүрүшүнүн субъекттеринде бул тармакта иш жүргүзүү үчүн түшкөн акчанын көлөмү боюнча чектөө жок.

Белгилей кетсек, бирдиктүү салык системасы салыктын үч түрүн (киреше салыгын, сатуу салыгын жана салык салынуучу берүүлөргө КНСти) алмаштырат жана эски патенттик салык салуу системасы үчүн мыкты альтернатива болуп саналат, бул чакан жана орто бизнеске тиешелүү салыктар төлөнгөн кирешелерди мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берет.

1-июлдан баштап патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү жокко чыгарылат. Соода ишинин субъекттери альтернатива катары жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салык системасын тандай алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости