www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тойота Ипсум” үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн кулап, оодарылып калган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы  NazarNews агенттигине маалымдады.

Маалыматка караганда кырсык бүгүн, 17-февралда болжол менен саат 08:40 чамасында болгон.

Анда “Тойота Ипсум” үлгүсүндөгү унаасын 1980-жылы туулган  С.Э аттуу айдоочу кыз башкарып кетип бара жаткан. Ал Путепровода көчөсү  менен чыгыш тарапка бара жатып, ТЕЦтин жанындагы жаңы көпүрөнүн үстүнөн, темир жолдун үстүнө чалкасынан кулаган.

Натыйжада, унаанын айдоочусу төш, арка- белинен жаракат алып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми унаа айып короого киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости